Кабинанын темири эле калган. Сузакта май ташыган автоунаа өрттөндү. Видео

Бензовоздун кабинасындагы өрт цистерна жагына өтүп кетпеш үчүн ыкчам аракеттер көрүлүп, натыйжада 37 тонна АИ-92 бензини сакталып калды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Куткаруучуларга кечээ, 3-февраль күнү, саат 17.15те Сузак районунун Топурак-Бел аймагында, Ош — Бишкек унаа жолунун 562-чакырымында оор жүк ташуучу унаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
1 / 2
Куткаруучуларга кечээ, 3-февраль күнү, саат 17.15те Сузак районунун Топурак-Бел аймагында, Ош — Бишкек унаа жолунун 562-чакырымында оор жүк ташуучу унаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн
2 / 2
ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге 15 мүнөттө барышкан. Бензовоздун кабинасындагы өрт цистерна жагына өтүп кетпеш үчүн ыкчам аракеттер көрүлүп, толугу менен 17:59да өчүрүлгөн
ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге 15 мүнөттө барышкан. Бензовоздун кабинасындагы өрт цистерна жагына өтүп кетпеш үчүн ыкчам аракеттер көрүлүп, толугу менен 17:59да өчүрүлгөн. Натыйжада 37 тонна АИ-92 бензини сакталып калган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыян такталууда.