"Спутник V" вакцинасы мусулмандар үчүн адал экени айтылды

Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препараттын эмнеден жасалары ойлондурган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиялык "Спутник V" вакцинасынын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган кошулмалар жок. Бул тууралуу Россиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдиргенин РИА Новости жазды.
Муфтий мындай бүтүмгө вакцинаны иштеп чыккандардын берген маалыматынын негизинде келген.
Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препаратты даярдоо учурунда чочконун желатини колдонулган-колдонулбаганы ойлондурган.
"Вакцинаны жасагандардан жооп келди. Препаратта чочконун желатини же кандайдыр бир адамга тийиштүү компоненттер (клеткалык линиялар) жок. Исламдын көз карашы менен алып караганда курамында тыюу салынган эч нерсе жок", — деди Аляутдинов.
"Спутник V" вакцинасы: The Lancet үчүнчү баскычтын жыйынтыгын жарыялады
Ал ошондой эле вакцинанын түзүүчүлөрүнө тактоочу суроолор жиберилгенин айтты.
"Бул боюнча фатва чыгарганы жатабыз", — деди муфтий.
Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени айтылган.