Сынактын катышуучулары дүйнөнүн чар тарабынан тартылган 25 000ден ашык сүрөт жөнөтүшкөн. Айрыкча пандемия учурунда саякаттоо мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону эске алынды. Ошентсе да фотографтар саякат учурунда тартылган сүрөттөрүн жиберишкен. Конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү болуп россиялык фотограф Владимир Алексеев таанылды. Ага "2020-жылдын эң мыкты саякатчы фотографы" деген наам ыйгарылды.
Travel Photographer of the Year (TPOTY) — ар кайсы курактагы тажрыйбалуу жана ышкыбоз фотографтардын сынагы. Жеңүүчүлөр "Дүйнө эли", "Жаратылыш, деңиз жашоосу, жапайы айбанаттар", "Туристтик портфолио", "Пейзаж жана жердеги элементтер", "Аралдар", "Жашоонун өңдөрү" жана башка номинациялар боюнча аныкталган.