Кадамжайда эски шахтадан өрт чыгып, 200дөй кой-эчки куйкаланып калды

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар иштетилбей калган шахтаны мал кармоо үчүн короо катары пайдаланып келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда шахтадан чыккан өрттөн 243 баш кой-эчки куйкаланып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМ: ТЭЦтин аймагынан өрт чыгып, үч бригада өчүрүп жатат
Окуя болгон жерге ӨКМдин №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган. Алар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугу менен өлгөн кой-эчкилерди шахтанын ичинде көмүп кетишкен.
Кырсыктан жабыркаган адамдар болгон эмес. Өрттүн келип чыгышы иликтенип жатат.