ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өткөн айда жоголгон беш кишини таап берди

Өкүлчүлүктүн айтымында, табылган беш кишинин үчөө жумушуна байланыштуу жакындарына чала алган эмес. Дагы бири ооруканадан көз жумганы, дагы бири абакка түшкөнү белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү январь айында дайынсыз жоголуп кеткен беш кишини таап берди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өткөн айдын башында өкүлчүлүккө жети киши кайрылып, Россия аймагында эмгектенип жүргөн туугандары байланышка чыкпай жаткандарын билдирип, издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.
Өкүлчүлүк Россия министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүктөрү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, бешөөсүн тапкан.
"А.М. менен С.Ч. аттуу жарандар Москвадан алысыраак жакта эмгектенип жүргөнү үчүн жакындары менен байланыша алган эмес. К.К. аттуу киши жумушун алмаштырып, телефону өчүк болгону үчүн изделгени белгилүү болду. С.А. аттуу адам ооруканадан көз жумган, киши колдуу болгон эмес. Туугандары сөөктү таанып, жүк 200 кичи мекенине жөнөтүлгөн. Т.А. деген жаран баңгизат саткан деп Липецк облусунун аймагында кармалганы маалым болду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда дайынсыз жоголгон эки кишинин жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы белгиленди.
Алардын бири Тешебаев Рахимжан Тойчубаевич. 1976-жылы 26-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ал он жылдан бери изделип келет, акыркы жолу Москва облусунун Талдом шаарында эмгектенген.
Банк ачам деп 2,3 млн. сомго алдаган кыргызстандык Россиядан кармалды. Сүрөт
Экинчиси Колдошова Астракан Токтосуновна. 1977-жылы 22-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ал 6-январдан бери Москвадан изделүүдө, жумушуна кеткен бойдон кайтып келген эмес.
ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү бул жарандарды көрүп-билгендер болсо +7(926) 890-87-00 (WhatsApp) ишеним телефону аркылуу билдирип коюуну суранат.
Кыргызстан Россия ИИМ өкүлчүлүк издөө жоголуу табуу жумуш абак өлүм