ИИМ: Москвада киши колдуу болду деген кыз ооруканада жатат, иш козголду

Министрликтин билдиришинче, Москвада 24 жаштагы кыргызстандык кызга бейтааныш адам кол салып, жарадар кылган. Учурда абалы туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кызды өлтүрүп кетишти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал ооруканада дарыланып жатканын ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.
Эске салсак, социалдык тармактарда эс учун жоготуп асфальтта жаткан кыздын сүрөтү тарап, ал киши колдуу болгонун жазышкан.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өткөн айда жоголгон беш кишини таап берди
Билдирмеге караганда, 2-февраль күнү болжол менен 15:28дер чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан бейтааныш адам 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга белгисиз предмет менен кол салган. Жарадар болгон кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда ал ооруканада, абалы туруктуу экени айтылды.
Факты боюнча Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча тергөө башкармалыгы РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү ("Курал катары колдонулган буюм менен денеге атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Айрым жарандар жабырлануучунун сүрөтүн коюп, аны өлтүрүп кетишти деген такталбаган маалыматтарды таратышууда. Ушуга байланыштуу, жарандардан социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Эми тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.