Британия ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду куттуктады

Елизавета II Жапаровго жана кыргыз элине жакшылыктарды каалап, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш бекемделе берет деген ишенимин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Президенттик кызматка киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалайм. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем", — деп жазылат куттуктоодо.
Гутерриш, Макрон, Меркель. Садыр Жапаровду куттуктаган өлкө башчылар
Буга чейин өлкө башчыны ажолук кызматка шайланышы менен 10дон ашык мамлекеттин өлкө жана өкмөт башчылары куттуктаган.
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров жеңишке жеткен. Кийин 28-январда анын ант берүү аземи өтүп, Жапаров расмий түрдө президенттик кызматка киришти.