Бишкекте ири рейд өтөт. Көчөлөрдө автотыгын жаралышы мүмкүн

Акыркы жолу мындай текшерүүнү укук коргоо органдары беш ай мурун өткөргөн. Анда ири тыгын жаралганы маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Милициянын кайгуул кызматы боюнча башкармалыгы Бишкекте рейд жүргүзмөкчү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте мас айдоочу Кайгуул милициянын автоунаасын ыргыта сүздү. Видео
Акыркы жолу мындай текшерүүлөр август жана сентябрь айларында болуп, көчөлөрдө ири тыгындар пайда болгон.
Тартип сакчылары иш-чара ушул жуманын аягында же кийинки аптанын башында болорун айтып, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга үндөдү.