БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Баткендеги Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Эске салсак, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башын Кыргызстан алдырып ийгенин айткан.
"Премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эскертилген", — дешти өкмөттөн.
Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 миллион кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.
Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.
"Учурда Кыргызстандын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда", — дешти өкмөттөн.
Ошондой эле республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналары белгиленди.