Ализа Солтонбекова жаңы министрге орун басар болду

Ализа Солтонбекова ноябрь айынын аягынан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ализа Солтонбекова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Солтонбекова ноябрь айынын аягынан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалап келген. Марипов башында турган жаңы өкмөттүн түзүмүндө аталган мекеме Саламаттык сактоо министрлигине кошулду.