Гонорары 200 млн. доллар. Тайсон менен Холифилд беттеш уюштурмакчы

Ардагер боксчулар 1997-жылы башталган атаандаштыкты аягына чыгаруу үчүн рингге дагы чыгууну каалашат. Андагы таймашта жинденген Тайсон Холифилддин кулагын тиштеп, мелдештен четтетилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Профессионал бокстун легендалары, америкалык Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд үчүнчү жолу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул тууралуу The Sun маалымат булагына таянып eurosport.ru сайты жазды.
Акыркы жолу мушкерлер рингде 1997-жылы кездешкен.
Маалыматка ылайык, аларга Дубайдан сунуш келген. Беттеш да дал ошол жерде өтөрү болжолдонууда. Рингге чыккан ардагер боксчуларга ири суммадагы гонорар, экөөнө жалпысынан 200 миллион доллар төлөнөт.
Тарыхый окуя! Рой Жонс менен Майк Тайсондун кармашы аяктады. Видео
Уюштуруучулар алдыдагы беттеш буга чейин өткөн Тайсон — Рой Жонс таймашынан да кызыктуу болорун белгилешүүдө.
54 жашка чыккан Тайсон менен 52 жаштагы Жонстун беттеши 2020-жылдын ноябрь айында өтүп, тең чыгуу менен аяктаган.
Ушул тапта 58 жашты таяган Эвандер Холифилд буга чейин элдин көзүнчө оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсонго чакырык таштаган.
Холифилд акыркы жолу 2011-жылы даниялык Брайан Нильсен менен рингге чыгып, аны жеңип алган.