Жапаров өкмөттүн жаңы курамына жыйын өтүп, тапшырмаларды берди 

Президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү жана негизсиз бюрократияны жок кылуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү
Ал бүгүнкү күндүн биринчи маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу зарыл экенин айтты. Алардын ичинде президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү жана негизсиз бюрократияны жок кылууну атады.
“Министрликтер жана ведомстволордун ортосунда функцияларды бөлүштүрүүдө алардын бирдиктүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Учурдун дагы бир орчундуу маселеси — коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кийинки толкунуна даярдануу боюнча тийиштүү иштерди улантуу үчүн тез аранын ичинде жооптуу жетекчилерди аныктоо керек”, — деди президент.
Ошондой эле өкмөттүн антикризистик программасын кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын койду.
Мени үч ирет колдоп бердиңер! Жапаров парламентке ыраазычылык билдирди
Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына болгон баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуунун, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруунун маанисине токтолду.
Жапаров бүгүндөн тартып өкмөттүн ар бир мүчөсү ар бир тармак боюнча жакынкы жылдары жүргүзүлө турган реформалардын тизмесин даярдай башташы керектигин кошумчалады.