Ысык-Көлдө аялды уулу менен өлтүрдү деп шектелген киши Бишкектен кармалды

Буга чейин облустук милиция 1-февраль күнү кечке маал киши колдуу болгон эки адамдын өлүмү тууралуу билдирүү таратып, шектүү изделип жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эне-баланын өлүмүнө шектелген адам Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Шектүү
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 26 жаштагы адам болгон. Учурда ал көрсөтмө берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Буга чейин облустук милиция 54 жаштагы аял менен 29 жаштагы эркек киши 1-февраль күнү кечке маал киши колдуу болгондугу тууралуу маалымат тараткан.
Бул факт Жазык кодексинин 130-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.