Татарстандагы таң калтырган сулуулар. Конкурска катышкан чүрөктөрдүн 12 сүрөтү

Sputnik

"Татарстан сулуусу-2021" сынагындагы башкы наам үчүн республиканын ар кайсы жеринен келген 30 сулуу ат салышкан. Калыстар алардын ичинен алгач 10 кызды тандап, анын ичинен гана эң ажарлуу, сулуу, төгөрөгү төп келген супер финалчыны аныктаган. "Татарстан сулуусу" Казань шаарынын тургуну 18 жаштагы Дина Юнусова болду.

Жыл сайын республиканын чар тарабында ар кыл масштабдагы сынактар өткөрүлүп турат. Андан жеңгендер республикалык конкурска кетет. Ал эми "Татарстан сулуусу" сынагы "Россия сулуусу" конкурсуна кыздарды тандаган этап болуп эсептелет. Татарстан аймагынан ажары менен алдыга чыккан селкилер "Россия сулуусу" конкурсунун финалына катышуу укугуна ээ болот.

Эркектер тийишип... "Казакстан сулуусунун" финалисти идиш жууп иштеген видео
Жеңүүчүсү Дина Юнусова стилист болуп эмгектенет жана блогерлиги да бар. Айтмакчы, анын "Тик-ток" тиркемесине жазылгандардын жарым миллионго жакын экени айтылды.

"Мисс Казань-2021" наамын Ляйсан Тагирова жеңип алса, андан кийинки орун Екатерина Якушка ыйгарылган. Андан кийинки чүрөк казандык 21 жаштагы Ксения Фадеева болду.

1 / 12
"Татарстан сулуусу-2021" сынагы борбор калаа Казанда өттү
2 / 12
Башкы наам үчүн республиканын ар кайсы жеринен келген 30 сулуу ат салышты
3 / 12
Эки этап менен өткөн тандоодон соң 10 кыз тандалып, анын ичинен супер финалчы селки аныкталды
4 / 12
18 жаштагы Дина Юнусова жеңишке жетип, "Татарстан сулуусу" аталды
5 / 12
Кызыл көйнөкчөн сулуу...
6 / 12
Жыл сайын республиканын ар чар тарабында ар кыл масштабдагы сынактар өткөрүлүп турат. Андан жеңгендер республикалык конкурска кетет
7 / 12
"Татарстан сулуусу" сынагы "Россия сулуусу" конкурсуна кыздарды тандаган этап болуп эсептелет
8 / 12
Татарстан аймагынан ажары менен алдыга чыккан селкилер "Россия сулуусу" конкурсунун финалына катышуу укугуна ээ болот
9 / 12
"Татарстан сулуусу-2021" сынагынын жеңүүчүсү Дина Юнусова стилист болуп эмгектенет жана блогерлик өнөргө ээ
10 / 12
Жаш сулуунун "Тик-ток" тиркемесине жарым миллионго жакын адам жазылган
11 / 12
"Мисс Казань 2021" наамын Ляйсан Тагирова жеңип алды, ал эми "Татарстандын биринчи вице-мисси 2021" наамына Екатерина Якуш татыган
12 / 12
"Татарстандын экинчи вице-мисси 2021" наамы казандык 21 жаштагы Ксения Фадеевага ыйгарылды