Жаңы өкмөттүн курамын карап жаткан парламенттин жыйынына Ташиев өкмөт мүчөсү катары келген. Эл өкүлдөрү андан коррупцияга каршы күрөш тууралуу жасалып жаткан иштерди сурады.
"Бюджетке, мүлккө талап-тоноочулук кылган мамлекеттик кызматкерлердин баарын бирден териштирип чыгабыз. Алардын мамлекетке келтирген зыяндарын кайра бюджетке кайтарабыз. Мындан ары да кызматкерлер, жаңы өкмөттүн мүчөлөрү коррупцияга аралаша турган болсо, аларды да сөзсүз түрдө жоопко тартабыз. 2020-жылы 10 айда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 116 миллион сомдун тегерегинде бюджетке акча кайтарган. Ал эми биз эки айда 2,8 миллиард сомдон ашыгыраак кайтардык. Январь айында дагы жарым миллиарддан ашып калды", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал баарын тегиз камоодон алыс экенин айтты. Уурдаган акчасын бюджетке кайтарса, "тергөө менен кызматташууга макул болду" деген берене менен бошото турганын белгиледи.