БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн түзүмүн, курамын бекитти. Андан соң парламентке президент Садыр Жапаров келип, өкмөт мүчөлөрү ант беришти.
Жыйында президент парламентке кайрылуу жасап, депутаттарга ыраазычылык билдирди.
"Өкмөттүн жаңы курамынын Жогорку Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланып, колдоо табышына жалпыбыз күбө болуп отурабыз. Былтыркы жыл оор болду. Мына ушундай жагдайда, өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан бери өлкөдөгү жалпы абалды турукташтырууда, мыйзам талаасына кирүүсүндө Жогорку Кеңеш өтө позитивдүү роль ойногондугун баса белгилегим келип турат. Себеби силер мени бир эмес үч жолу колдоп бердиңер. Бул үчүн мен сиздерге чын дилден ыраазымын. Силердин бүгүнкү өкмөттүн курамына колдоо көрсөткөнүңөрдү – коомчулук өлкөдөгү жаңылануу жана реформа саясатына колдоо көрсөтүү деп түшүнүшүн каалар элем", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле алдыда оор сыноолор күтүп турганын кошумчалады.