Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Бир гана депутат каршы добуш берди

Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлган. Тагыраагы, үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти.
Жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары колдоп, бир гана Дастан Бекешев каршы добушун берди.
Ташиев жаңы өкмөт мүчөлөрү жаза басса люстрация кыларын убадалады
Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот. Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлган. Тагыраагы, үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилген.
Министрлер кабинетинин түзүмү кандай өзгөргөнү жана кызматка сунушталган талапкерлер тууралуу бул жактан тааныша аласыздар.