БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 30 пайыздан ашыгы 11 миң сомго чейин гана айлык алышат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айындагы маалыматка таянып билдирди.
Айлык акынын көлөмүн аныктоо үчүн Улутстатком тарабынан жылына бир жолу менчигинин формасына карабай ири жана орто ишканалар иликтенет.
Маалыматка караганда, өлкөдө 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6 пайызы 5 562 сомго чейин айлык алат.
Жумушчулардын эң чоң үлүшү, тагыраагы, 142 миңден ашык адам (30,5 пайыз) 5 563 сомдон 11 124 сомго чейинки көлөмдө эмгек акы алышат.
11 125 сомдон 18 540 сомго чейинки эмгек акыны 130 миң адам (27,9) алса, 135 миңге жакын жаран (28,9) 18 541 сомдон 55 620 сомго чейин акча табышат.
Өлкө боюнча болгону 10 миңге жакын адам 55 621 сом (же андан жогору) маяна алат.