Өткөн суткада 116 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап көз жумду

Учурда стационарларда 533 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы маалым болду. Анын ичинен 139 бейтаптын абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 116 адамдан аныкталып, 130 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Кечээтен бери Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын аймактарынан бир да адамдан вирус табылган эмес.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Өткөн суткада коронавирус бир адамдын өмүрүн алган.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна кантип даярданууда
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 84 762ге жетти. Анын ичинен 81 232си айыкса, 1 415 адам каза тапты.
Учурда стационарларда 533 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы маалым болду. Анын ичинен 139 бейтаптын абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат.
Бир сутка ичинде эки медиктен коронавирус аныкталган. Анын бири ооруну кызыл зонада иштеп жүрүп илештиргени белгилүү болду.