БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Бул тууралуу төрага Талант Мамытов парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат Дастан Бекешев жаңы долбоор ЖКга келип түшкөнүн ЖМКлардан окуп, бирок аны өзү көрбөгөнүнө нааразы болду.
"Ошол Конституция каякта жатат, кайдан алып, качан окусак болот? Эмне жыйынга алып чыккан күнү эле бересиңерби? Депутаттар кайсы мыйзамды демилгелебесин коомдук талкууга чыгарыш керек да. Конституцияда так жазылган, жаман же жакшы мыйзам долбоору болобу, коомдук талкууга коюш керек. Сиздер чыгарбай жатасыздар", — деди Бекешев.
Андан соң Мамытов Конституциялык кеңешме ачык иштегенин, ким кааласа барып сунушун берүүгө укуктуу болгонун белгиледи. Ал эми Конституциянын жаңы долбоору жакында эле парламентке келип түшкөнүн, аны депутаттарга таратып берерин айтты.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун колдоп же четке кагып, референдум дайындашы керек.
Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.
Өткөн аптада ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.