Сүрөтчүлүк өнөр чоң атамдан калган. Кагазга чиймелеп койсо эле окшошуп калчу. Буга чейин кагазга сүрөт тартып келгем, кийин панно жасаганга өттүм. Бул тууралуу Гүлжамал Көкүмбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийизге сүрөт тартууда ийне колдонулгандыктан балдарга бул кол өнөрчүлүктү 5-6-класстан баштап үйрөткөн оң.
"Ар кандай сүрөттөрдү тартуу мен үчүн кызык болчу. Ал эми кийизге сүрөт тартууга кызыгуум күч болгондуктан бат эле үйрөнүп кеттим. Жүн менен иштөө боёк менен сүрөт тартканга караганда бир топ эле оор. Боёлгон жүндөр менен объектинин көлөмүн чыгарып, өңдөрдү айкалыштырасың. Мындайда көңүлүң көтөрүлүп, чарчаганың жазылат. Башында өзүм кызыккан үчүн панно жасачумун. Кийин социалдык тармактардагы баракчама жасаган иштеримди жүктөй баштадым. Ал жактан сурагандар көбөйдү. Чынын айтканда, басымдуу бөлүгү чыгармачыл адамдар. Кыргызстандыктарга караганда чет өлкөлүктөр көп таасирленишет. Мисалы, корей улутундагылар буюртма беришкен эле. Алар ачык түстөр менен тартылган сүрөттү жактырышат. Азыр адамдар "Манас" эпосунун каармандарын тарттыра баштады. Бакай атанын сүрөтүн кийизге түшүрдүм", — деди Көкүмбай кызы.
Ал паннону күндөн жана күбөдөн сактоо керектигин кошумчалады.