Кара-Кулжада милиционерди атууга шектелген киши кармалды

ИИМ шектүү жаран милицияга мындан көп жыл мурдагы пикир келишпеген мамилелерин эстеп кол салган деп маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кара-Кулжа райондук милиция кызматкерлерине мындан бир нече күн мурда ок чыгарып, алардын бирин жарадар кылды деп шектелген кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя 13-январдын түнүндө болуп, анда Кара-Кулжа райондук милициясынын эки кызматкерине кол салынган. Автоунаасында отурган эки тартип сакчынын бири жаракат алган, тагыраагы, далысынын ортосуна чачма октор тийген. Ал эми белгисиз адам качып кеткен.
1 / 3
Кара-Кулжа райондук милиция кызматкерлерине мындан бир нече күн мурда ок чыгарып, алардын бирин жарадар кылды деп шектелген кишини кармады
2 / 3
Окуя 13-январдын түнүндө болуп, анда Кара-Кулжа райондук милициясынын эки кызматкерине кол салынган
3 / 3
Автоунаасында отурган эки тартип сакчынын бири жаракат алган, тагыраагы, далысынын ортосуна чачма октор тийген. Ал эми белгисиз адам качып кеткен
Анда Кара-Кулжа районуна "Перехват "операциясы киргизилип, Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган.
Бүгүн кылмышка шектүү делип Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын тургуну 46 жаштагы У.А. аттуу адам кармалган. Аны тергөө кызматына алып келишкен.
"Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берди. Көп жыл мурда милиционерлер менен жеке пикир келишпестиги болгон учурду эстеп, өзү мыйзамсыз алып жүргөн мылтыгы менен түндө кызматкерлерди атып жибергендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
"Алтуха" каймана аты бар криминалдык авторитет ИИМге чакырылды. Себеби
Ал ок чыгарган соң түндөп үйүнө келип, кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып, жок кылган. Тартип сакчыларына куралдын кээ бир бөлүктөрүн кайда каткандыгын айтып берген.
Милиция аларды таап, далил буюм катары экспертиза кызматына өткөрүп бергени маалымдалды.
Учурда Кара-Кулжа райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө.