Радио

Пакыров: Кыргызстан ЕАЭБдин потенциалын толук колдоно албай жатат

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров Кыргызстан ЕАЭБдин потенциалын толук колдоно албай жаткандыгын айтты.
Sputnik
ЕАЭБ алкагында ишкерлердин кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде коргоп калбасак, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алышыбыз ыктымал. Мындай оюн Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге кирген ар бир өлкө жергиликтүү ишкерлердин башка өлкөдө иштешин каалабайт.
"Биз бул уюмга кошулдук. Эми ошол рыноктогу мүмкүнчүлүктү ишкерлер канчалык колдонуп жатат деген маселе бар. Ишкерлер үчүн ЕАЭБ чоң мүмкүнчүлүк, бирок анын потенциалын толук колдоно албай жатабыз. Ар бир өлкө өзүнүн ишкерлерине шарт түзүп берүү үчүн аракеттерин көрүүдө. Мисалы, Россия, Казакстан, Беларусь ишкерлер аркылуу өлкө экономикасына киреше тартуу маселесине олуттуу мамиле кылууда. Андыктан аларга мамлекет колдоо көрсөтүшү керек", — деди Пакыров.
Ошондой эле бүгүнкү күндө бажы биримдигине кирбеген башка өлкөлөр деле, мисалы, Россия же Казакстан менен түздөн-түз келишимдерди түзүп, товарларын киргизүүгө жеңилдиктерди алып, ишкерлерге шарт түзүп берип жатканын кошумчалады.