БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "АЮ Грандкомфорт" соода борборунда жайгашкан Калкты тейлеген борбордун жана 119 телефон чалуу кызматынын иши жанданып, бүгүн өз калыбында иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, кечээ "АЮ Грандкомфорт" соода борборунда өрт чыгып, ал имаратта жайгашкан Элди тейлөө борборунун кызматкерлери жана келген жарандар эвакуацияланган.
"Чолпон-Ата, 2 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору-2, автоунаалар боюнча тейлеген борбор жана 119 Call-сenter өзүнүн ишин жандантты, кайра кадимки калыбында иштеп жатат", — деп билдиришти алар.
Кечээ алар өрттөн эч ким жабыркабагандыгын, документтер, архив толугу менен сакталып калгандыгын билдиришкен.