Бейшембиге карата аба ырайы

4-февралга караган түнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында +10…+15, Баткен аймагында +11…+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын жергесинде -1…-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +12…+14, Ош шаарында +14…+16 градуска жетет.