Баткен облусунун ооруканаларына 9 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт

Баткен облусу боюнча 53 тез жардам унаасы иш алып барары, бирок дагы деле муктаждык бар экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тогуз тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тогуз тез жардам унаасы берилди
2 / 2
Тез жардам унааларын ооруканаларга облус башчысы Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасынын чыңдалышына жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген.
Тез жардам унааларын ооруканаларга облус башчысы Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык, техникалык базасынын чыңдалышына жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген.
КРде медициналык мекемелерди кайра түзүү боюнча реформа башталды
Атайын техникалар Баткен районунун Таян жана Бужум, Кадамжай районунун Марказ жана Халмион, Лейлек районунун Тогуз-Булак жана Катыраң, Айдаркен шаардык жана Сүлүктү шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлоруна берилген.
Тез жардам унаалары Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен алынган.
Бүгүнкүнү эсепке алганда Баткен боюнча 53 тез жардам унаасы иш алып барары, бирок дагы деле муктаждык бар экени белгиленет.
2020-жылы облуска мамлекет тарабынан сегиз, демөөрчүлөрдүн эсебинен тогуз тез жардам унаасы алынган.