Бишкекте мектепке электрондук кезекке каттоо башталат. Керектүү документтер

Каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси — жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкектин мектептерине электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Баланы 2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүүгө онлайн-арызды калтыруу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек.
Каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси — жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.
Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:
Кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү телефондорго чалса болот:
Техникалык колдоо үчүн: (0706) 12-22-11, (0776) 12-22-11, (0556) 12-22-11.