БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн жаңы курамын жактырды.
Өкмөттүн курамы эртең, 3-февралда, парламенттин жалпы жыйынында каралары күтүлүүдө.
Министрлер кабинетинин түзүмү кандай өзгөргөнү жана кызматка сунушталган талапкерлер тууралуу бул жактан тааныша аласыздар.