Турдубаев Кубанычбек Апышевич — өмүр баяны

Кубанычбек Турдубаев 1972-жылдын 8-февралында Чүй облусунда туулган. Исхак Раззаков атындагы университетти "электр станциялары" адистиги боюнча 2001-жылы аяктаган.
Sputnik
"Кыргыз энерго" ишканасынын окуу борборунан "Электроэнергетикадагы жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары" курсун өткөн. Андан соң Венгриянын Будапешт шаарында "Өткөөл экономика шартында энергетика тармагын жөнгө салуу" курсунда окуган.
Эмгек жолу:
Акыркы жылдары "Араван цемент заводу" ЖЧКсында башкы директордун орун басары болуп эмгектенген.