Beeline компаниясынын мурдагы жетекчиси кармалды

Былтыр жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу бир нече аткаминер кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы ушул ишке байланыштуу кызматтан кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Beeline аталышы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Кражан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал компанияны жетектеп турган учурда байланыш операторунун лицензиясын мыйзамсыз кайра каттоо үчүн өкмөттүн жогорку кызмат адамына пара бергени айтылды.
Жыштык саткан... Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды
Факты Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчи УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делип өткөн жылдын май айында УКМКнын эки кызматкери Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси жана ноябрь айында өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыев кармалган.
Былтыр ушул ишке байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кеткен.