878 баш бодо… Салык кызматы мыйзамсыз мал ташыгандарга бөгөт койду

Жүк ээлеринин салык органдары берген тиешелүү документтери жок болгондуктан, чогултулган материалдар Финполго өткөрүп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 10 күн ичинде кыргыз-казак чек арасы аркылуу өлкөгө 878 баш бодо мал ташып кирүүгө аракет кылгандардын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан бодо малдын 828и "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктунан, 50 бодо "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган.
Жүк ээлеринин салык органдары берген тиешелүү документтери жок болгондуктан, чогултулган материалдар Финполго өткөрүп берилген.