Прокуратура: пандемияда министрлик 1,5 сомдук бахиланы 150 сомдон сатып алган

Тендерде эң төмөнкү бааларды сунуштаган компанияларды негизсиз түрдө четке кагып, "Ф" аттуу ЖЧК менен келишим түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда бир бахиланы 150 сомдон сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Прокуратура тарабынан министрликке карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууда бир катар мыйзам бузуу жол берилгендиги аныкталган.
"2020-жылдын 6-майында Департаменттин комиссиясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуп, жеке коргонуучу каражаттар (комбинезон, медициналык кол кап, бахила) менен жабдууга эң төмөнкү бааларды сунуштаган компанияларды негизсиз түрдө четке каккан. Ал эми жогорулатылган бааны сунуш кылган "Ф" аттуу ЖЧК менен келишим түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада "Ф" компаниясы келишимдин талаптарын одоно түрдө бузуп, нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптар менен камсыздаган. 150 000 даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап 1 500 даана алып келишкени айтылды.
Комиссия июль апаатында COVID дарылары эмнеге жетишсиз болгонун аныктады
Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаментинин кызмат адамдары мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтиргендиги аныкталды.
Факты Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренелери ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен катталып, материалдар тийиштүү тергөө органдарына жиберилди.