Баары дасыккан кадрлар. Марипов өкмөттүн жаңы мүчөлөрү тууралуу

Жаңы түзүлгөн курамда өкмөттүн 22 мүчөсү 16га чейин кыскарды. Анда мурда иштеп жаткан министрлердин сегизи гана калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Өкмөттүн 16 мүчөсүнүн баары дасыккан кадрлар деп ишендирип кете алам. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырып жатып билдирди.
Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жаңы өкмөттү карап жатат.
“Министрликке көрсөтүлгөн талапкерлердин баары менен пикир алмаштык. Кызматка келсек жоопкерчиликти мойнубузга алып, азыркы абалды толук түшүнүп, сиздер менен иш алып барууга бел байлап турабыз. Бул туурасында бардык талапкерлерге дагы айттык”, — деди Марипов.
Белгилей кетсек, жаңы түзүлгөн курамда өкмөттүн 22 мүчөсү 16га чейин кыскарды. Анда мурда иштеп жаткан министрлердин сегизи гана калган.