Марипов: Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнчө орган болбойт

Премьер-министрлик кызматка талапкер өкмөттүн жаңы структурасы менен тааныштырды. Анда кээ бир министрликтер менен ведомстволор кыскарган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнчө орган болбойт. Бул тууралуу премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымына караганда, кызмат башка органдын карамагына өтөт, бирок кайсы орган экенин тактаган жок.
Буга чейин интернетке Мамкаттоонун функциясы ИИМге өткөрүлүп берилери тууралуу маалымат тараган.
Зеленскийдин киносундай болбойлу. Марипов транспорт министри болчу аял тууралуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн жаңы курамын жактырды.
Өкмөттүн курамы эртең, 3-февралда, парламенттин жалпы жыйынында каралары күтүлүүдө.
Министрлер кабинетинин түзүмү кандай өзгөргөнү жана кызматка сунушталган талапкерлер тууралуу бул жактан тааныша аласыздар.