БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанга март айында коронавируска каршы даярдалган AstraZeneca компаниясынын вакцинасы 504 миң дозада алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымына караганда, вакцинаны Глобалдык альянс программасы (COVAX) сунуштаган.
"Биз бул программа боюнча баарын тактадык. Бизге март айында 504 миң дозалык AstraZeneca вакцинасы жеткирилет. Буга чейин бизге америкалык Pfizer вакцинасы сунушталганын айтканбыз, бирок аны алуудан баш тартылган. Учурда эмдөө программасын кийирип жатабыз", — деди Алымкадыров.
Вакцина боюнча башка маалыматтар менен министр бөлүшкөн жок. Анын айтымында, Кыргызстан коронавирустун болжолдуу үчүнчү толкунуна жана британиялык штамм менен күрөшүүгө даярданып жатат.
Вакцинаны британ-швед фармацевтикалык AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен биргеликте жасаган.
Буга чейин COVAX Кыргызстанга америкалык Pfizer фирмасынын препаратын сунуштап, 1,2 миллион дозаны бекер беришерин айтышкан. Бирок бул вакцинаны -70 градуста сактоо үчүн Кыргызстанда муздаткычтар жок экени белгилүү болгон.