Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн рекорддук суммадагы акча төлөйт

Азырынча рекорддук деп өткөн жыл үчүн эсептелген төлөмдөр айтылып жатат, себеби алар биринчи ирет 30 миллиард сомдон ашып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабуу үчүн 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу мамлекеттин бекитилген бюджети боюнча маалыматта айтылат.
Аталган сумманын ичинен 21,6 миллиард сому тышкы карызды жабууга кетери, ал эми калган сумма ички карызга жумшалары белгилүү болду.
Мамлекеттик карызды төлөө боюнча маалыматтарга таянсак (2005-жылдагы ачык көрсөтүлгөн сандар), үстүбүздөгү жылы аны жабууга рекорддук сумма сарпталмакчы.
Быйыл КР тышкы карызын доллар, юань, вон менен төлөйт. Валюталар тизмеси
Азырынча эң көп деп былтыр которулган акча (30,7 миллиард сом) эсептелүүдө. Негизи акыркы 10 жылдыкта төлөмдөр кескин өсө баштаган. 2012-жылы ал 10 миллиард сомдон, 2016-жылы 20 миллиарддан ашып кеткен. 
Эске салсак, ноябрдын соңунда (акыркы маалыматтар) мамлекеттик карыз 4,9 долларды түзсө, алардын ичинен 4,2 миллиарды тыштан алынган акча болгон.