Жанына келген кишиге жырткычтын айбат көрсөтүп, капысынан уккан адам чочуп кеткендей үн чыгарып, кышылдап жатканын угууга болот.
АКШнын Колорадо штатында жайгашкан фермада аба ырайы кескин сууп, -8 градуска түшкөн. Анткен менен жырткычтар ошол жерде жер алдынан чыккан ысык суудан улам тоңуп калган эмес. Ал жердегилер суунун температурасы +30 градуска жетерин айтышты.
1977-жылы негизделген балык чарбасына кийинчерээк муктаждыктан улам аллигаторлордун 100 кичинекей баласын алып келишкен. Ошондон бери жырткычтар бул көлмөдө жашап калышкан. Ал эми 1990-жылы крокодил фермасы ачылган.
Ферманын кызматкерлери бир топ жыл катары менен жырткычтарды эшикте, карда, суукта видеого тартууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес.
"Кино тартууга канча жылдар кетти. Аллигаторлор кишилердин айтканына көнүп, камера алдында туруп бермек эмес. Алар эшикке чыккан күнү сууктан улам камеранын батареялары бир нече ирет иштебей калып жатты. Бактыга жараша, алардын бири ошол күнү биз каалаган жерге сойлоп келип, бизге жакшы шарт түзүп берди", — деп айтып беришкен иштегендер.
Кадрдан крокодил менен сүйлөшүп, кай бир учурда анын башынан сылап жаткан ферма кызматкеринин жүрөктүүлүгү көптөрдү таңдантып, чочуткан.