Иманалиев Кайрат Олжобаевич — өмүр баяны

Кайрат Иманалиев 1977-жылы 29-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал орто билимди Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде алып, мектепти алтын медаль менен аяктаган.
Sputnik
Билими:
Эмгек жолу:
Учурда өкмөттүн жаңы курамына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри катары кирди.
Кайрат Иманалиев драматург жана журналист. Анын "Курманжан датка", "Атаке баатыр", "Актриса", "Көк Теңирдин белеги", "Манасчы", "Жаркынайым", "Коркут", "Керээз", "Үмүт" аттуу драмалары театрларда коюлган. Мындан сырткары, Иманалиев бир нече чыгармалардын жана сценарийлердин автору.
Иманалиев Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Мындан сырткары да бир топ сыйлыктардын ээси.