Топтун ордуна дарбазачыны бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

"Васко да Гама" менен "Байя" клубдарынын беттешинин акыркы мүнөттөрүндө атаандаштын айып аянтына чабуулга барган оюнчу дарбазачыны тээп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бразилиянын "Васко да Гама" клубунун коргоочусу Леандро Кастан "Байя" клубунун дарбазачысын бетке тээп беттештен куулду. Бул тууралуу eurosport.ru маалымат булагы жазып, окуянын видеосун жарыялады.
Командалар өлкө чемпионатынын 33-турунда кездешкен. Беттештин 80-мүнөтүндө Кастан атаандаштын айып аянтына чабуулга барган. Ал стандарттык абалдан чыгарылган топту дарбазага багыттайм деп каршы келген дарбазачы Дуглас Фридрихти бетке тээп алган. Мындай учурду калыс адегенде байкаган эмес. Видео кайталоодон көргөндөн кийин гана Леандрого кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан четтеткен.
​Беттештен кийин дарбазачы тепки тийген жердеги тактын сүрөтүн тартып соцтармакка чыгарган. 
​Оюн 0:0 эсеби менен аяктаган. "Васко да Гама" жана "Байя" мелдештик жадыбалда 14 жана 15-орунда келе жатышат.
Леандро Кастан буга чейин Италиянын "Рома" клубунда алты жыл ойногон.