Акыркы суткада эки киши каза болду. COVID-19 боюнча жаңы статистика

Кыргызстанда расмий түрдө 84 646 кишиде оору аныкталып, анын жарымынан көбү сакайган. Бул жугуштуу оору 1 414 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан бир сутка ичинде 115 киши сакайды, ошол эле учурда 58 адам оору жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жугуштуу илдетти жалпысынан өлкө боюнча 81 102 адам жеңди.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Пандемиядан бери жалпы 84 646 кишиден илдет аныкталды.
Тилекке каршы, соңку суткада COVID-19дан эки киши көз жумду. Коронавирус марттан бери 1 414 адамдын өмүрүн алды.
Стационарда 545 бейтап бар, 650 бейтап амбулатордук дарыланууда.