Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү

Марипов Эсеп палатасын 2016-жылдан бери жетектейт. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Мариповдун талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы сунуштаган.
Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.