Дос-тууган дебей... Жапаров аппаратынын кызматкерлери аткарчу иштерди атады

Жапаров кеңешмеде тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, алдыда аткара турган негизги жумуштар тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, алдыда аткара турган негизги жумуштар тууралуу сүйлөштү
2 / 2
Кеңешмеде мамлекет башчы эки маанилүү маселеге өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан.
Кеңешмеде мамлекет башчы эки маанилүү маселеге өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан. Алар — мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана бюрократиялык, административдик жол-жоболорду жумшартуу.
Жапаров аппаратка берилген тапшырмалар өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигине токтолгон.
"Президент алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жумушу турганын айтып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды. Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылганы кошумчаланды.