Акчаны сүйөсүзбү, чачыңыз эмнеге агарды? Премьерди дайындоодогу кызыктар видеодо

Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповду жактырды. Анын талапкерлигин кароо учурунда айрым депутаттар адаттан тыш суроолорду узатты. Буга тамаша иретинде жооп берүү менен кутулду.
Sputnik
Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев өкмөт башчы боло турган адамдын акчага болгон сүйүүсү канчалык экенине кызыкты. Аны менен катар кесипкөйлүгүнөн шек санап, "атанын эрке баласы эмессизби?" деп сурады. Ал тургай мамлекетке жасаган кайсы кызматы үчүн чачы агарганын дагы сындады. Марипов мындай суроолорго тамаша аралаштырып жооп берип жатты.
Дагы бир депутат Улукбек Садиков талапкерди "Улукбек" деген атка татыктуу болушун каалады эле, ал Улукбектерди уят кылбай турганын билдирди.
Мени президент сунуштады, министрлердин теңи алмашат. Мариповдун маеги видеодо
Өз кезегинде Марипов мамлекеттик кызматта 20 жылдан бери иштеп келе жатканын айтып, бул аралыкта бир дагы саясий партияга мүчө болбогонун билдирди. Өзүн саясий амбициясы жок, чарбачыл, экономиканы түшүнгөн кадр катары сыпаттады.
Ал эми өкмөттүн жаңы курамында азыркылардын жарымы алмаша турганын айтты. Аларды үч принцип менен тандайт: биринчи — тазалык, экинчиси — тажрыйба, үчүнчүсү — ниет.