Жан кирип кеткендей экен. Мексикалык художниктин керемет эмгектери. Видео

Карлостун кыл калеминен жаралган таасирдүү эмгектери кишини кайдыгер калтырбайт. Үч мерчемдүү сүрөттөр карап турган көздү эмес, мээни оңой эле алдап коет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев — Sputnik. Интернетте мексикалык художник Карлос Альбертонун 3D-сүрөттөрү улам белгилүү болуп бара жатат.
31 жаштагы чебер граффити ыкмасы менен жан кирип кеткендей сезилген сүрөттөрдү тартып келет.
Анын кыл калеминен жаралган эмгектер жергиликтүү элди эле эмес, туристтерди да таң калтырган. Ал тарткан үч мерчемдүү сүрөттөр көргөн көздү эмес, мээни оңой эле алдап коет. Себеби карап туруп эле бет алдыңда турган чымчык кыймылдап, сени көздөй басып келе жаткандай сезимде каласың.