БИШКЕК, 1-фев — Sputnik. Россиялык мушкер Шамиль Мусаев словениялык мушкер Урос Юришичти уткандан кийин массалык мушташ чыгып кетти.
MMA Junkie порталынын жазышынча, окуя Польшанын Лодзь шаарында уюштурулган KSW 58 турниринде болгон.
"Мушкерлердин бири-бирине сес көрсөтүшү экөөнүн командасынын тирешүүсүнө алып келди", — деп жооп берген промоушен агенттикке.
27 жаштагы Мусаев калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Аны жеңүүчү деп жарыялагандан кийин октагондун ичине эки спортчунун тең командасы кирген. Словениялык мушкер беттештин жыйынтыгына макул эместигин айтканда, Мусаев аны көтөрүп чапкан. Мунун айынан өкүлдөрү да мушташа кеткен.
KSW компаниясы окуяны териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалоону убадалады.