Коронавирус менен катуу ооругандарда артыкчылык аныкталды

Эксперимент жүргүзүү үчүн коронавирус менен ооруган 39 адамдын жана оорубаган 10 адамдын канынан анализ алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев.— Sputnik. Коронавирустун оор формасы менен ооругандардын иммунитети бекем болуп, ал узак убакытка чейин сакталышы ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Американын илимди өнүктүрүү ассоциациясынын сайтында жарыяланган маалыматка таянып кабарлады.
Ла-Хойи иммунология институтунун окумуштууларынын эмгегинде жазылгандай, эксперимент жүргүзүү үчүн коронавирусту жеңген 39 адамдын жана оорубаган 10 адамдын канынан анализ алынган.
Иммунолог грипп менен коронавирустун айырмасын айтып берди
Окумуштуулар коронавирусту жеңгендерди кайра эки топко бөлүшкөн. Бири жеңил формасы менен ооругандар болсо, экинчиси илдеттин оор формасына кабылгандар.
Изилдөөнүн жыйынтыгында коронавирус менен катуу ооругандардын иммунитети бекем болуп, вирусту кайра жуктуруп алуудан жакшы коргой турганы аныкталган.
Ал эми дарттын жеңил формасы менен ооругандардын иммунитети узак убакытка чейин кармалбай калышы мүмкүн экени маалым болгон.