Бүгүн Казакстанда "Спутник V" менен массалык түрдө эмдөө башталды

Россиялык препарат менен биринчи кезекте медиктерди, мугалимдерди, полиция жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Казакстанда бүгүндөн тарта коронавируска каршы "Спутник V" россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды. Бул туурасында Sputnik Казакстан билдирди.
Москвада мигранттарга COVID-19га каршы вакцина бекер сайылышы мүмкүн
"Спутник V" менен биринчи кезекте медиктерди, мугалимдерди, полиция жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүшмөкчү.
Кечээки статистика боюнча, Казакстанда бир суткада 1 342 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Маалыматта Акмоло жана Павлодар облусунда ооругандар көп катталган.