"Караван" соода борборунда иштеген ижарачылар кайрадан митингге чыкты. Сүрөт

Митингчилер "Караван" соода борборунун онлайн-аукционго коюлганына каршы болууда. Аларга беш күндүн ичинде ижарага алган жайларды бошотуп коюу керек деген билдирүү келгенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдына "Караван" соода борборунда иштеген 60тай ижарачы чогулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.
Митингчилер "Караван" соода борборунун онлайн-аукционго коюлганына каршы болуп жатканын айтышты. Алар өткөн жумада Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ижарага алган жайларды беш күндүн ичинде бошотуп коюу керек деген билдирүү келгенин айтышты.
Митингчилер "Караван" соода борборунун онлайн-аукционго коюлганына каршы болуп жатканын айтышты
Эске салсак, былтыр ноябрда да ушул талап менен ижарачылар митингге чыгып, аларга вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жолуккан.
"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.