Апта ирмеми: Жапаровдун жылмаюусунан катар тизилген поезддерге чейин

Sputnik

Тайбэйде (Тайвань) Taipei Game Show оюн көргөзмөсү болуп өттү.

Россия президенти Владимир Путин Жеңиш музейине барып, "Эл эрдиги: багынбас Ленинград" деп аталган онлайн-долбоорго старт берди.

Апта ирмеми: көркөмдүү муз тазалагычтан тарта жеңилген Конорго чейин
28-январь күнү Бишкекте Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы болуп өттү. Салтанат өткөн улуттук филармонияга коомдук ишмерлер, мурунку жана азыркы аткаминерлер, ар өлкөнүн, эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрү жана карапайым адамдар чакырылды. Шайлоо 10-январь күнү өткөн, Жапаров шайлоочулардын добушунун 79,2 пайызына ээ болгон болчу.

Францияда мугалимдер менен окуучулардын жалпы улуттук нааразычылык акциясы болуп өттү.

1 / 17
Парижде өткөн Мода жумалыгындагы модель Кара Делевинь
2 / 17
Владимир Путин Москвадагы Жеңиш музейиндеги "Эл эрдиги" экспозициясын көрүп жатат
3 / 17
Тайбэйде өткөн оюн көргөзмөсүндөгү косплей-модели
4 / 17
28-январь күнү Бишкекте Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы болуп өттү. Салтанат болгон улуттук филармонияга коомдук ишмерлер, мурунку жана азыркы аткаминерлер, ар өлкөнүн, эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрү жана карапайым адамдар чакырылды.
Шайлоо 10-январь күнү өткөн, Жапаров шайлоочулардын добушунун 79,2 пайызына ээ болгон.
5 / 17
Лион шаарында мугалимдердин айлык акысын көтөрүүнү талап кылган жана коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы митинг болуп өттү
6 / 17
50 градус суукта балык саткан аял. Якутия
7 / 17
Палестиналык өспүрүм балдар Газа секторундагы пляжда паркур менен алектенип жатат
8 / 17
Укук коргоо органдары менен Алексей Навальныйдын тарапташтарынын акциясы.
Алексей Навальный 17-январь күнү Германиядан келе жатканда Шереметьево аэропортунда кармалган. Химки шаардык соту блогерди 30 суткага камакка алды
9 / 17
Индонезиянын Богора шаарында COVID-19дан каза тапкан адамды атайын жасалган табытта жерге беришүүдө
10 / 17
Сүрөтчү Алла Урбандын "Суроо" деп аталган эмгегинин жанында турган аял. Третьяков галереясы
11 / 17
Индиялык фермерлердин каршылык акциялары.
2020-жылдын соңунан бери фермерлер дыйкандарга күздө алчу түшүмүн алдын ала макулдашылган баада сатуу үчүн агрардык компаниялар менен өз алдынча келишим түзүү каралган жаңы мыйзамга нааразы болуп жатышат. Сунушталган мыйзамда дыйкандарга продукциясын мамлекеттен сырткары сатууга да уруксат берилет. Оппозиция жана ири фермердик уюмдардын лидерлери бул мыйзам долбоорлору азыркы системага бөгөт болуп, дыйкан чарбалар ири корпорациялардын жемине айланарын айтышууда
12 / 17
АКШ президенти Жо Байден Ак үйдө Авраам Линкольндун портрети алдында пандемияга каршы күрөш тууралуу айтып берип жатат
13 / 17
Швейцариялык сүрөтчүлөр Фрэнк жана Патрик Риклиндер Регенсдорфто Fondation Riklin долбоорун сунушташууда
14 / 17
Жаңы жыл алдында Нанкин станциясындагы катуу ылдамдык менен жүрүүчү поезддер
15 / 17
Коргоочу костюм кийген медиктер. Гонконг
16 / 17
Свастхани Брата Катха фестивалынын биринчи күнүндө Хануманте дарыясына келген зыяратчылар. Непал
17 / 17
Германиядагы калың жааган кардын кесепети