Пресс-борбор

Министрдин орун басары: быйыл айыл чарба техникасынын дефицити болбойт

2020-жылы фермерлер 343 даана техника сатып алышкан. Министрдин орун басарынын айтымында, быйыл фермерлерди каржылоо көлөмү өсөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда айыл чарба техникасы жетиштүү, 2021-жылы техника дефицити жаралбайт. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Жаңы форматтагы жазгы талаа иштери. Айыл чарба министрлигинен эмнени күтүүгө болот" аттуу брифингге катышты.
Керималиевдин айтымына караганда, учурда айыл чарба техникасы менен жабдыктар 85 пайызга даяр болуп калды.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев
"Дефицит жаралбайт деген ойдомун. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл техниканын саны жетиштүү. Бүгүнкү күндө айыл чарба техникасынын саны жыл сайын өсүп жатат. Себеби фермерлер лизинг аркылуу алып жатышат. 2020-жылы фермерлер 343 даана техника сатып алышты", — деди министрдин орун басары.
Ал ошондой эле быйыл фермерлерди колдоо үчүн бөлүнө турган каражаттын көлөмү өсөрүн билдирди.
Тилек Токтогазиев кызматтан кетер-кетпеси тууралуу комментарий берди
"Жакында эле лизинг боюнча токтом долбоору чыкты. Финансылык колдоо дагы көбөйөт деген ойдомун. Лизингдин көлөмү айыл чарба техникасы үчүн гана эмес тамчылатып сугаруу жана кайра иштетүүгө багытталган жабдыктарды алуу үчүн дагы жогорулайт", — деди Керималиев.
Белгилей кетсек, премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмү өзгөртүлөрүн айткан.